Бишкекте 18-октябрда жаңы 30 автобус линияларга чыгарылат. Бул тууралуу 24 агенттигине шаардык транспорт башкармалыгынын начальгини Максат Нусувалиев билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорт №34, 21 жана 46-линияларга кое берилет. Өзбек компаниясы менен газ менен жүрө турган 350 автобусту аутсоринг шарты менен жеткирүү боюнча макулдашуу жетишилген.
Анын 210 автобусу өлкөгө келип, 90у 5 линияга чыгарылды. Дагы 60 транспорт учурда бажы текшерүүсүнөн өтүп жатса, 30 автобуска газ жабдуулары орнотулууда, — деди Нусувалиев.