Бишкек мэриясы тендер системасынан баш тартуу ниетинде

Бишкек мэриясы тендер системасынан баш тартуу ниетинде.

 

Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров жарыялады. Анын айтымында, бул муниципалитет чиновниктери үчүн персоналдык жоопкерчилик киргизүү үчүн зарыл.

 

Андан тышкары, тендер өткөрүүгө 2 ай талап кылынат, бул өз кезегинде иштердин аткаруу мөөнөтүнө залакасын тийгизүүдө. Учурда мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип жатат.