Кыргызстанда сатуучулар эми кардарлардын укуктарын бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылат. Президент Садыр Жапаров керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамына кол койду.
Документтин “сатуучу” беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Алсак, эми товар саткан же сатуу-сатып алуу боюнча кызмат көрсөткөн физикалык тарап кардардын укугун бузса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.