Бишкек мэриясында мамлекетке өзгөчө ири каржылык зыян келтирилгени маалымдалды

Бишкек шаардык мэриясында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген факт аныкталганын 13-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мэриянын, шаардык кеңештин жана Каржы министрлигинин шаардык башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-жылдар аралыгында жалпысынан 781 миллион сомдон ашуун акчаны ай сайын маянага кошумча катары төлөөгө жол ачып беришкен.

 

Факт боюнча шаардык прокуратурада Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” деген эки беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

 

Жогоруда аталган мекемелер прокуратуранын айыптоосу боюнча азырынча комментарий бере элек.

 

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт.