Кыргызстандын энергетика тармагына Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлүп берет

Кыргызстандын энергетика тармагына Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү келишим парламенттин Эл аралык иштер, корггоо жана коопсуздук комитети үчүнчү окууда жактырды.

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, каражаттын 25 миллион доллары грант катары берилсе, калган бөлүгү 38 жылга насыя катары берилет.

 

Акча 350 чакырым электр линияларын тартуу жана көмөк чордондорду куруу, трансформатор сатып алуу жана 600 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотууга багытталат.