Асел Турдалиева Бейшеналиева университетине проректор болду

Эмгек сиңирген артист, ырчы, педагог Асел Турдалиева Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка университеттин ректору Түмөнбай Колдошов кол койгон.

Белгилеп кетсек, Асел Турдалиева буга чейин окуу жайдын сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болуп иштеп келген.