Бишкек — Ош аба каттамы азырынча жумасына 1 гана жолу уюштурулат

Бишкек — Ош аба каттамы азырынча жумасына 1 гана жолу уюштурулат.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Манас» эл аралык аэропорту

алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык, жүргүнчүлөр үчүн стационардык тепловизор жана

дезинфекциялоочу туннелдер орнотулат. Аэропортко кирип чыгууда ар бир адамдын

дене табы өлчөнөт. Эл көп чогулбашы үчүн аба майданга билети бар адамдар гана киргизилет.