Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу
унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин
маалыматына ылайык, аталган түйүндөн жеңил унаалар аралыкты сактоо менен
өткөрүлүүдө. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин сакталат.
Өлкөнүн тоолуу аймактарында жолчулар тилкени кардан тазалап, инерттүү материал
себүүдө. Айдоочулар тайгакка каршы чынжырчаларды алып, каршы тилкеге
чыкпай, унаалар ортосундагы аралыкты сакташы керек.