Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда бүгүн жана эртең унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-24-июнда Ысык-Көл районунун аймагында чет элдик делегациялардын башчыларынын катышуусунда Түрк парламенттик ассамблеясынын 11 пленардык жыйыны өтөт.
Андан улам облустун тургундары жана меймандарына Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз, Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.