Катардын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун финалына чыкты.
Жарым финалдык жолугушууда катарлыктар Ирандын командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. Эми башкы беттеште Катар менен Иордания ойнойт.
Иорданиялыктар белгилеп кетсек, биринчи ирет Азия кубогунун финалына чыгууда. Эске салсак, Катар курамасы Азиянын азыркы чемпиону болуп эсептелет.