Каракол шаарындагы Торгоев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Бул тууралуу Novosti.kgге Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Жалпысынан 1 чакырым 100 метр тилке калыбына келтирилет.
Иштерге фонддук эсебинен 67 миллион сом багытталат. Күтүлгөндөй,
тендердин жыйынтыгы эртең белгилүү болот.
Андан кийин жумуштар старт алат.