Бишкек – Ош унаа жолунун 431-чакырымы кыймылга жабык.
Аталган тилкеге катуу жааган жаандан улам кум шагыл түрүндө көчкү түштү.
Бул тууралуу novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Учурда Разан — Сай айылына тиешелүү тилкеге түшкөн жер көчкүнүн көлөмү такталууда.
Жабыркагандар катталган жок. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 3 атайын техника жана
Таш – Көмүр шаардык бөлүмдүн кызматкери тартылды. Башкармалыктан
белгилешкендей, өлкө боюнча башка унаа жолдор кыймылга ачык.