Министрлер кабинети сугат суусунун жоктугунан зыянга учураган дыйкандардын чыгымын толтуруп берүүнү пландап жатат

Министрлер кабинети сугат суусунун жоктугунан зыянга учураган дыйкандардын чыгымын толтуруп берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы такталып жатат. Фермерлерге жардам берүү суроосу бардык тармактарга тиешелүү болот – салыктар, насыялар жана башка төлөмдөр.