Быйыл дүйнөнүн эң кирешелүү спортчусу деп португалиялык футболчу Криштиану Роналду аталды

Быйыл дүйнөнүн эң кирешелүү спортчусу деп португалиялык футболчу Криштиану Роналду аталды. Forbes басылмасынын рейтингинде ал өткөн жылдын лидери Лионель Мессини артта калтырды.

 

Соңку 12 айда Роналду 136 миллион доллар тапты. Бул суммага анын “Манчестер Юнайтед” жана “Аль-Наср” клубдарындагы айлыктары кирет.

 

Ошондой эле ар кандай жарнамалык, демөөрчүлүк келишимдер спортчуга 90 миллион доллар алып келди. Лионель Месси болсо быйыл 130 миллион доллары менен экинчи сапта жайгашат.