Бишкекте автобус, троллейбустар электрондук төлөмгө өттү

Бишкекте автобус, троллейбустар электрондук төлөмгө өттү. Жол кирени жүргүнчүлөр “Тулпар” карталары менен төлөй алат.

 

Анын 3 түрү сунушталат, стандарттуу көк карта – бардык каалоочуларга жеткиликтүү, жашыл карталар – окуучуларга берилет, ал эми кызыл карталар менен пенсионерлер жана майыптыгы бар жарандар колдоно алат.

 

Андан тышкары, жол кирени жүргүнчүлөр “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө болот.