Кыргызстандыктарды ноябрда катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат

Кыргызстандыктарды ноябрда катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 7-8-ноябрь быйыл дүйшөмбү, шейшембиге туура келет.

 

Демек, жарандар 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алат. Эске салсак, 2017-жылдан бери Кыргызстанда  7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.