Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктардан Түркияга учуу үчүн ПЦР тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалым кат талап кылынбайт

Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктардан Түркияга учуу үчүн ПЦР тесттин терс

жыйынтыгын тастыктаган маалым кат талап кылынбайт. Ал эми вакцина

албаган жарандар учканга чейин акыркы 72 саттын ичинде ПЦР тест тапшырып,

Түркия өкмөтүнүн сайтындагы анкетаны толтуруу керек. Бул тууралуу Novosti.kgге

жарандык авиация агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда,

учурда биздин өлкөдөн Түркиянын Стамбул шаарына жумасына 24 жолу

аба жолдору уюштурулат. Ал эми  Анталья калаасына аптасына 6 ирет учса болот.