Кыргызстан боюнча бүгүн электр энергиясы бир сааттан өчүрүлүп турат.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат эксплуатацияга берилип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо учурунда электр энергиясы бир сааттан өчүрүлүп турат, — дешти ишканадан.
Эске салсак, буга чейин электр энергиясынын тартыштыгынан улам, өлкөдө жарык маал маалы менен өчүрүлөт деген маалыматтар тараган.