Жергиликтүү сотторго сегиз судья дайындалды

 Жергиликтүү сотторго сегиз судья дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
«Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы дайындалган судьялар:

Баткен облусу

Баткен облустук соту — Алмазбек Апышев.

Ош облусу

Ош облустук соту — Миргүл Жаналиева;

Кара-Суу райондук соту — Жылдыз Кемелова.

Чүй облусу

Чүй облустук соту — Тынара Абдиева, Тилек Абдырашитов.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облустук соту — Сымбат Кокшенова;

Ысык-Көл облусунун административдик соту — Зарина Абдыкадырова.

Бишкек шаары

Ленин райондук соту — Жолдошбек Аттокуров.