Ошто медициналык таштандылар үчүн атайын контейнерлер орнотулду

 

Ошто медициналык таштандылар үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, обсервациялардан, ооруканалардан кооптуу калдыктарды жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурлар даярдалды.

 

Ал эми коронавирустан үй шартында дарыланып жаткандардын үйүнөн чыгарылган таштанды үчүн контейнерлер Оштун 4 жерине коюлду.