Бишкекте 11 миң керектөөчү 3 күнгө газсыз калат

Бишкекте 11 миң керектөөчү 3 күнгө газсыз калат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришкендей,

7-сентябрдан 10уна чейин Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөр

кесилишинде жайгашкан жер алдындагы түтүктө газдын чыгышын

токтотуу иштери жүрөт. Андан улам төмөнкү Жал кичи районунда,

Тынчтык проспектисинде, Пожарский, Садырбаев, Гагарин, Медеров,

Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрүнүн

бир бөлүгүндө көгүлтүр от болбойт.