Быйыл Бишкектин Жылуулук электр борборуна болжол менен 2-2,5 миң тонна көмүр керектелет.
Бул тууралуу Novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка ылайык, жакын арада ЖЭБге 1 миллион 50 миң тонна кара отун сатып алуу боюнча тендер жарыяланат.
Анын алкагында, көмүр жергиликтүү Кара-Кечеден ташылат.
Күз-кыш мезгилине шаар тургундарын жылуулук менен толук камсыздоо үчүн кийинчирээк дагы бир сынак жарыяланып, көмүр сатып алынат.
Эске салсак, өткөн жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБинин көмүргө болгон муктаждыгы 1 миллион 650 миң тоннаны түзгөн.