Бишкекте үзгүлтүккө учураган троллейбус линиясы калыбына келтирилди

Бишкекте үзгүлтүккө учураган троллейбус линиясы калыбына келтирилди. Мэрия маалыматына ылайык, оңдоо иштери 5 саатка созулду. Учурга карата троллейбустар кадимки тартипте жүргүнчүлөрдү ташууда.

 

Эске салсак, кечээ түштө Абдрахманов-Москва кесилишинде троллейбус линиясы үзүлүп, №5, 10, 4, 17, 6, 7, 8 троллейбустарынын каттамдары убактылуу токтотулган.