Шарджа-Ош-Шарджа багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды

Шарджа-Ош-Шарджа багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Бириккен Араб Эмирлигинин Шарджа шаарынан Ошко учактар каттап баштады.

 

Каттам жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Шарджа-Бишкек каттамы менен жүргүнчүлөр жумасына 6 жолу уча алат.