Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүн, эртең менчигинин
түрүнө карабай баардык дүкөн, кафе, ресторан, май куюучу жайлар,
мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, көп кабаттуу үйлөр,
жеке турак-жайлар короолорун тазалап, ирээтке келтириши керек.
Бүгүндөн баштап штабдын мүчөлөрү шаар аймагын кыдырып,
короо жайлардагы тазалыктарды текшере баштайт