Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Ал баш калааны 2021-жылдан 2022-жылга чейин башкарган. Кийин президенттик администрациянын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.

 

Буга чейинки калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кызматтан бошотулду. Абдыкадыров Бишкекке мэр болуп 2022-жылы февралда дайындалган.