Кыргызстанда үйлөрдү камсыздандырбагандарга айып салуу сунушталды

Кыргызстанда үйлөрдү камсыздандырбагандарга айып салуу сунушталды.

 

“Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамын аткарбагандарга карата чара көрүү демилгесин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көтөрдү.

 

Ага ылайык, полиси жок болгон үчүн шаарда жашагандарды 1 миң 200 сомго, ал эми айыл тургундарын 600 сомго айыпка тартуу сунушталат. Мыйзамды аткаруу менен мамлекеттик бюджетти дагы толуктоого шарт түзүлөт, — дешет чиновниктер.