Россия Кыргызстанга 1 миң 200 тонна байытылган ун жана 180 тоннадан ашык өсүмдүк майын жардам иретинде тапшырды

Россия Кыргызстанга 1 миң 200 тонна байытылган ун жана 180 тоннадан ашык өсүмдүк майын жардам иретинде тапшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, азык-түлүк 26 миң аз камсыз үй-бүлөгө бөлүштүрүлөт. Аталган жардам Бишкек жана Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасында сакталат.