Кыргызстанда базарлар убактылуу жабылууда.
Бул дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.
Эми ар дүйшөмбү сайын ордо калаадагы Ленин районунун аймагындагы базарлар
санитардык тазалоо иштери үчүн жабылып турат. Бүгүн Ош шаарындагы, Жалал-Абад жана
Нарын шарынын борбордук базары ишин токтотту. Тиешелүү кызматкерлер анда
дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык нормалардын
сакталышы боюнча да күн сайын текшерүүлөр аткарылууда.