Кыргызстандын алыскы аймактарында жакырчылык 40 пайызга чейин жетти

Кыргызстандын алыскы аймактарында жакырчылык 40 пайызга чейин жетти.

Ал эми өлкө боюнча көрсөткүч 25 пайызды түзөт. Бул тууралуу президент

Садыр Жапаров билдирди. Белгилеп кетсек, Улуттук статистика комитети

былтыр өлкө калкынын 25 пайызы жакырчылыкта жашай турганын билдирген.

2019-жылы бул көрсөткүч 5 пайызга жогору болчу. Ал эми Дүйнөлүк банк быйыл

мартта Кыргызстанда калктын кедей катмары 35 пайызга жеткенин жарыялаган.