Бишкекте №40 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте №40 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, ал Военно-Антоновка айылынан Новопокровкага чейин барат.

 

Каттам Дэн Сяопин проспекти боюнча, андан кийин Фучик көчөсү жана Жибек Жолу проспекти менен өтөт.

 

Анын жалпы узундугу 43 чакырымды түзөт. Линияга 22 автобус чыгарылды, алар 10 мүнөт сайын каттайт.