Газадан Кыргызстандын дагы эки жараны эвакуацияланды

Газа тилкесинен чыгууну каалаган Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мекендештерди алып чыгууга Россия менен Египет көмөк көрсөткөн.
«Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында 4-декабрда Россиянын өкмөтү уюштурган чартердик каттам менен Газа тилкесинен Египет аркылуу эки кыргыз жараны эвакуацияланды», — деп айтылат кабарда.
Мындан улам Кыргызстанда бул ишке көмөк көрсөткөн бардык тарапка ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, 24-ноябрда да Газа секторунан эки мекендешти алып чыгышкан.