Октябрь айына карата Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,5 миллиард кубга жетет. Мындай божомолду Энергетика министрлигинен беришүүдө.
Ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата суунун көлөмү 7,8 миллиард кубометрге барабар болчу. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиардка аз.
Бирок учурга карата башкы резервуар сууга толуп, андагы нымдуулук былтыркыга караганда 1 миллиард кубга көп.