Бишкекте 5 обсерватория иштеп жатат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, алар Улуттук онкология жана Мамакеев атындагы хирургия борборлорунда жана 3 мейманкада уюштурулган.
Обсервация — бул карантиндик жай. Ага чет мамлекеттен келген жана оорулуулар менен байланышта болгон, бирок вирус аныктала элек жарандар жатат.