Ошто жасалма өткөрмө кагазы боюнча 10 иш козголду

Ошто өзгөчө абал киргизилгенден бери жасалма өткөрмө кагазды жасаган 10 факт катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

 

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00 — 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

 

Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү.