Өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын жетишсиздиги болбойт

Өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын жетишсиздиги болбойт. Азыктардын запасы жаңы трүшүм жыйналганга чейин жетет, — деди Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

 

Анын айтымында, май айынын башына карата “Кайыңды-Кант” заводунун сактоочу жайындагы кумшекер толугу менен сатыкка чыгарылды. Дагы 3 миң тонна фермерлердин запасы болчу.

 

Андан тышкары, Кыргызстан Евразиялык экономикалык комссиянын чечими менен 150 миң тонна кумшекерге квота алды. Анын дээрлик 19 миңи өлкөгө жеткирилди. Калган көлөмү күзүндө  келет деп пландалууда.