Кемин районунун Ильич айылында бала бакча пайда болот

Кемин районунун Ильич айылында бала бакча пайда болот. Курулуш иштерине тендерди Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин салууга 83 миллион 559 миң сом багытталат.

 

Белгилеп кетсек, Ильич айылындагы бала бакча имараты көп жылдан бери жабык турган болчу.