Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрдү.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 5-августка чейин «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жер иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү:
— №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
— №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
— №131 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.
— №121 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.