Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кара-Булак айылындагы каналдын курулушу менен айылдын кургап кеткен 550 гектар жери суу менен камсыз болот.
Аталган канал 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен суу 50 пайызга чейин жоготууга учурап, айылда таңкыстык жаралган.