Бишкекте аз камсыз болгондорго чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди.
Мэриянын маалыматына ылайык, каражат социалдык жардамдын алкагында 64 үй-бүлөгө тапшырылды.
Алардын бизнес-пландары тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга, кызмат көрсөтүүгө, кондитердик азыктарды даярдоого жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.
Белгилеп кетсек, социалдык контракт — бул аз камсыз үй-бүлө менен социалдык коргоо органынын ортосунда түзүлгөн келишим.
Анын шарттары боюнча мамлекет кайтарымсыз каражат берет, өз кезегинде жаран үй-бүлөсүнүн материалдык шарттарын жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди алат.