Өлкөдө соңку учурда УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулду

Өлкөдө соңку учурда УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал белгилегендей, өткөн жылга чейин атайын кызматтын бир дагы имараты курулган эмес.

Буга чейин кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келатышкан, — деди Ташиев.

Белгилеп кетсек, курулушка канча каражат кеткени жана ал кайсы булактардан алынганы такталган жок.