Бишкектеги «Ынтымак-2» эс алуу багында этникалык стилдеги арт-объекти пайда болот

Бишкектеги «Ынтымак-2» эс алуу багында этникалык стилдеги арт-объекти пайда болот.

Мэриядан белгилешкендей, жаңы парктын курулушу бүтө элек. Сейил бакка амфитеатр,

улуттук музыкалык аспап комуздун беш метрлик темир конструкциясы пайда болот.

Учурда орундуктар үчүн темир конструкциялар орнотулду жана суу оргумасы жасалууда.

Жаңы эс алуу жайы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Аалы Токомбаев көчөлөр

кесилишиндеги «Ынтымак» паркынын уландысы болот. Жалпы аянты 8 гектардан ашык.