Бишкекте бүгүн жалпы шаардык ишембилик өтөт

16-сентябрда Бишкекте күзгү жалпы шаардык ишембилик өтөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликте ирригациялык тармактар, сейил бактар жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле көчө, короо, аянттар тазаланмакчы.

 

«Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат», — деп белгилешти мэриядан.

Бишкек мэриясы жарандарды шаарды тазалоо үчүн ишембиликке катышууга чакырат.