Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту.
Балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешип, алгач азербайжандык атаандашын 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.
Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген. Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи. Бул – дүйнөлүк чемпионаттагы кыргыз курама командасынын биринчи медалы.