Баткенде бажычыларга кызматтык үй курулду

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен бажысынын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

18 батирге ылайыкташтырылган турак үйдө жашоо үчүн бардык керектүү шарттары түзүлгөн. Курулуш 2022-жылы башталган, республикалык бюджеттен каржыланды.

 

Бүгүн үйлөрдүн тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдор катышты.

Жетекчилер үй ээлерин жаңы конуштары менен куттуктап, батирлердин ачкычын тапшырышты.