Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды

Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.

 

Парламент жыйынында айрым депутаттар өлкөдө блогерлердин иштөө тартибин аныктаган мыйзам керек экенин билдиришти. Алар соңку учурларда айрым блогерлердин аракети аша чаап жатканын айтышты.

 

Ошондой эле журналисттер менен алардын айрымасын так жазуу керектиги боюнча маселе көтөрүлдү. Белгилеп кетсек, интернеттеги социалдык тармактарда ар кандай контент жараткандарды блогер дешет.