“Бишкек жылуулук тармактары” шаардыктардын үйлөрүнө ысык суу берүүгө даярданып жатат

“Бишкек жылуулук тармактары” шаардыктардын үйлөрүнө ысык суу берүүгө даярданып жатат. 24-июндан тарта сыноо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришти. Жылуулук тармактары толугу менен текшерилип чыгат.

 

“Бишкек жылуулук тармактарынан” белгилешкендей,  түтүктөрдү сынап жатканда жылчыктар аныкталышы мүмкүн. Жарандарга этият болуп, маселелер жаралса, дароо компаниянын диспетчердик кызматына чалуу керек.