Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, температуранын кескин өзгөрүүсү күтүлбөйт – күндүз аба табы +28 градустан +33 градуска чейин жылуу болот.
Бирок апта жаан-чачынга бай болот. Болгондо дагы күн тийип жатканда аба-ырайы кескин бузулуп, жаан жаап баштайт. Бейшемби, жума күндөрү күн күркүрөп, жаан жаайт. Ал эми эс алуу күндөрү тоо койнуна же Ысык-Көлгө бет алган оң, анткени 25-26-июнда ордо калаада күн 38 градуска чейин ысыйт.