Өлкө мектептеринин башталгыч класстары толук кандуу түрдө ысык тамак менен 2023-жылга чейин камсыздалат. Буга Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова ишендирүүдө.
Анын айтымында, 1-4-класстардын окуучуларынын жалпы саны 56 миңге чукул. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнөт. Алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучусунун тамактануусуна күнүнө 10 сом, калган аймактарда 7 сомдон каралган.