Бишкекте быйыл 5 мектеп жана бала бакча курулат

Бишкекте быйыл 5 мектеп жана бала бакча курулат. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Сагындык уулу билдирди. Анын айтымында, аларды 2022-жылы колдонууга берүү пландалууда.

 

Курулуш иштерине шаар бюджетинен 50 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле, басым саламаттыкты сактоо тармагына жасалат. Алсак, 6-ооруканада медицина кызматкерлери үчүн корпус куруп, 3-балдар ооруканасын кеңейтүү каралууда.